Спорт

Балбан Амантур Исмаилов Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды

Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов быйыл Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.

Ал 67 кг чейинки салмакта жолдомо үчүн беттеште кытайлык Хусиету Хусиетуну 9:1 эсебинде утту. Буга чейин Түнтүк Кореядан келген Ёнг Жин Рон атту спортчуга эки жолу 5 упайлык ыкма колдонуп, жыйынтыгында 11:0 ири эсебинде жеңишти камсыздай алган.

Бишкектеги Азиялык лицензиялык мелдешинин жыйынтыктоочу күнү грек-рим күрөшү боюнча Олимпиадалык деп эсептелген 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг чейинки салмактарда жолдомо ойнотулду. Ар бир салмакта финалга чыккан экиден балбан Олимпиаданын лицензиясына ээ болот. Финалдык беттештер болбойт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button