Маматалиев: Айрым депутаттар чет элдиктерге жер берүү тууралуу туура эмес маалымат таратууга аралашкан болушу мүмкүн

Айрым депутаттар Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы чет өлкөлүктөргө жер тилкелерин берүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды деген туура эмес маалыматты таратууга аралашкан болушу мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 2-сентябрдагы жыйында билдирди.
Анын айтымында, депутаттар каникулга кеткенден кийин коомчулукта парламент Кытайдын жарандары үчүн мыйзам кабыл алып, аларга жер тилкелери сатылып же берилип жатат деген сөздөр тараган.
«Мындай мыйзам долбоорун биз кабыл алган эмеспиз. Иш 1992-жылы кабыл алынган мыйзамдын негизинде жүргүзүлүп келген. Буга чейин да жер 49 жылга же андан кыска мөөнөткө берилчү.
Тескерисинче, келечекте карала турган мыйзам долбоорунда бир топ оң жагдайлар бар. Анда жерлерди сатууга жана трансформациялоого тыюу салынат. Ошондой эле 49 жылдык ижара мөөнөтү аяктагандан кийин аны узартууга жол берилбейт. Мыйзам долбоору бизге келип түшкөндө, албетте, биринчи кезекте жарандарыбыздын кызыкчылыгын коргойбуз», — деди төрага.
Ошол эле учурда Маматалиев мыйзам тууралуу маалымат таратуу маселесине айрым депутаттардын тиешеси болушу мүмкүн экендиги тууралуу маалымат түшкөнүн белгиледи.
«Бул депутаттар менен сүйлөшүп, маалыматты тактайбыз. Андан кийин жооп берем», — деди Маматалиев.



