Окуялар
Кочкор-Атада коомдук ажатканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарында көп кабаттуу үйдүн жанындагы коомдук ажатканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды.
Облустук милициянын маалыматына караганда, ымыркай аман-эсен куткарылып, ооруканага жеткирилген. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери баланы таштап кеткен энесин аныкташкан. Ал 35 жаштагы аял болуп чыккан.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.



