Саясат

Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри менен жолугушту

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуусу өттү.

Салтанаттуу иш-чара президенттин администрациясынын «Ынтымак Ордо» имаратында болуп өттү.

Пакистандын премьер-министрин Садыр Жапаров тосуп алды. Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин аскердик оркестрдин коштоосунда эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аткарылды.

Ардактуу кароол ротасын жана этно-жоокерлерди кароо учурунда Шахбаз Шариф аскер кызматкерлерине «Салам, аскер!» деп салам айтты.

Андан соң Кыргызстандын президенти менен Пакистандын премьер-министри өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты.

Салтанат ардактуу кароол ротасынын салтанаттуу маршы менен жыйынтыкталды.Андан кийин Садыр Жапаров менен Шахбаз Шариф эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Жолугушууда Кыргызстандын президенти Пакистанды «Түштүк Азиядагы ишенимдүү жана артыкчылыктуу өнөктөш» катары карай турганын белгиледи.

«Эки өлкөнүн мамилелеринин азыркы этабын жогорку деңгээлдеги саясий диалогдон практикалык өнөктөштүккө өтүү катары баалайм. Сиздин сапарыңыздын алкагында соода, билим берүү, саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, виртуалдык активдер жана башка багыттар боюнча бир катар маанилүү документтерге кол коёбуз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Тектеш кабарлар

Back to top button