Коом

Туристтик сезонго карата Ысык-Көлдө Ички иштер башкармалыгынын Аялдар Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Келе жаткан жайкы туристтик мезгилге карата, Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгында Аялдар Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйындын күн тартибинде — жайкы туристтик мезгилинде туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылууда, өздүк курамдын арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту чыңдоодо Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгы тарабынан көрүлүп жаткан чараларга көмөк көрсөтүүдө Аялдар Кеңешинин ролун көтөрүү, ошондой эле башкармалыктын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн санаториялык-курорттук дарылоону камсыз кылуу боюнча иштерди активдештирүү маселелери каралды.

Жыйынга катышкан Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Арсен Самаев, облустук милициянын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндө аялдар өзгөчө роль ойноп жатканын белгиледи. «Аялдар Кеңеши — башкармалыктын кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө колдоо жана өз убагында жардам көрсөтүүгө, ошондой эле өздүк курамды тынчсыздандырган бир катар социалдык маселелерди көтөрүүгө арналган коомдук бирикме болуп саналарын эстен чыгарбоо керек. Ошол эле учурда, айым милиция кызматкерлери үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана коомдогу туруктуулукту камсыз кылууга көмөктөшүүгө коомчулукту тартуу механизми болуп саналат. Бул иш-аракеттер күнүмдүк иштин ажырагыс бөлүгү болууга тийиш жана ички иштер органдарындагы аялдардын ролун кыйла жогорулатат», — деп белгиледи ал.

Жыйында Ысык-Көл ОИИБдин аялдар кеңешинин ишин жакшыртуу боюнча сунуштар, ошондой эле кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, маданий жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары облустук милициянын көп балалуу жана жаш үй-бүлөлөрүн колдоо маселеси козголду.

Жолугушуунун соңунда, Арсен Самаев бардык катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, мындан ары биргелешкен жемиштүү иштерди активдүү жүргүзүүнү каалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button