«Кыргызтелекомдун» мамлекеттик акциялар пакети президенттин иш башкармалыгына өттү

Министрлер кабинети «Кыргызтелеком» телеком-операторунун мамлекеттик акциялар пакетин башкаруучуну алмаштыруу тууралуу чечим кабыл алды. 2026-жылдын 24-апрелиндеги №280 токтомго ылайык, акционердин функциялары Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин иш башкармасына өткөрүлөт.
Бул өзгөртүү мамлекеттик акциялар пакетин борборлоштурулган тартипте башкаруу, жөнгө салуу функцияларын мамлекеттин акционер катары ыйгарым укуктарынан ажыратуу, ошондой эле мамлекеттик катышуусу бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түшүндүрүлөт.
Ушуга байланыштуу Министрлер кабинети 2022-жылдын 10-майындагы №250 токтомуна өзгөртүү киргизип, андан «Кыргызтелеком» ААКсында акционердин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча норманы алып салды. Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Президенттин иш башкармасы функцияларды өткөрүп берүү иштерин аяктоо үчүн зарыл чараларды көрүшү керек.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлдү.
Токтом расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



