Окуялар
Бишкектеги Ботаникалык бакчада бычакташкан өспүрүмдөрдүн бири каза болду

Бишкектеги Ботаникалык бакчада өспүрүм бычакталып каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Белгиленгендей, 9-июнь күнү А.А., милиция кызматкерлерине кайрылып, белгисиз адам саат 22:20да Ботаникалык бакчадан Шопен уулу Н.А.ны бычактап, андан жабырлануучу каза болгонун айткан.
Бул факты боюнча “ден соолукка атайылап оор залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү 2007-жылы туулган А.Р., кармалган. Бишкектин Октябрь райондук соту аны эки айга Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү колониясына жөнөткөн.



