Коом

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы үч күнгө өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы үч күнгө өчүрүлөт. Бул тууралу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-5-октябрь аралыгында 1975-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы түтүктө газдын чыгуусун токтотуу боюнча иштер пландалып жатат.

Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт: Фучик, Чоң Чүй каналы, Черепки 2, Жибек Жолу.

Ошондой эле №7705 аскер бөлүгүндө дагы газ болбойт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button