Саясат

Жапаров Айсулуу менен Акжолго «Манас» орденин ыйгарып, унаа жана 10 млн. сом берди

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова менен грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, 10 миллион сомдук акчалай сыйлык алды. Мындан сырткары, Toyota RAF 4 унаа белекке берилди.

Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова президенттин колдоосуна ыраазычылык берилип, 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына катышарын билдирди.

Ушундай эле сыйлык менен грек-рим күрөшүнөн Олимпиаданын күмүш медалын уткан Акжол Махмудовго да берилди.

Азыркы тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президенттин Олимпиаданын байге ээлерин сыйлоо аземи өтүп жатат.

Эске салсак, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү) менен Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү) күмүш медаль утушкан. Ал эми Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү) коло медаль алып байгелүү орунду ээлеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button