Окуялар

Бишкекте 21 жаштагы куруучу 11-кабаттан кулап, көз жумду

8-апрелде Бишкекте Жибек Жолу проспектиси менен Коенкөзов көчөсүнүн кесилишинде курулуп жаткан үйдүн 11-кабатынан куруучу кулап кеткен.

Алган жаракатынан улам 2002-жылы туулган жигит ооруканага жетпей каза болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал окуядан бир нече күн мурда эле жумушка орношкон. 

Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден факты каттоого алынганын, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталганын билдиришти. «Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет»,- деп айтылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button