Окуялар

Ошто кармалган бажычылардын арасында депутат Нарматованын уулу бар экени кабарланды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекетинде иштеген үч бажы кызматкери коррупцияга шектелип кармалганы кабарланды. Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы шектүүлөр 22-майга чейин абакка камалганын ырастады.

Коррупцияга шектелип кармалгандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу Азатбек Нурдинов экендигин ишенимдүү булактарына таянып, бир катар ЖМКлар жазып чыкты. Маалыматтарга караганда, Азатбек Нурдинов Ош бажысында эмгектенет.


Буга чейин УКМК  18-мартта Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат тараткан маалыматта алар «Кытайдан эл керектеген товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштуруп алганы» жазылган. Мекеменин башчысы Камчыбек Ташиев кармалгандардын бири — баш прокурор Курманкуд Зулушевдин кайниси экенин билдирген

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button