Окуялар
УКМК: Чүй облустук прокуратурасынын башкы адиси 20 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жатканда кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик прокуратурасынын Башкы тергөө башкармалыгы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда Чүй облустук прокуратурасынын башкы адиси А.У.Р. пара алып жаткан жеринен кармалды.
Прокуратура арыз ээсине карата жүргүзүлгөн тергөөнүн негизинде кылмыш ишин козгобогону үчүн 50 миң АКШ долларын опузалап талап кылган, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.




