УКМК: Сот департаментинин тутумунда коррупциялык фактылар аныкталды
КР Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин тутумундагы коррупциялык фактылар боюнча УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин тутумунда коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, 2023-жылдын 26-июнунда КР Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө боюнча адиси К.Р.С. жана башкы адиси А.Д.К. кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад областы боюнча сот департаментинин жетекчилиги өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланып, материалдык пайда табуу максатында курулуш компанияларынын биринин өкүлдөрү менен сүйлөшүп, “Майлуу-Суу шаардык сотунун административдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү” боюнча мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген подряддык иштер боюнча келишим түзүлгөнү аныкталды.
Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгында аткарылган иштердин көлөмү ашыкча бааланганы, курулуш нормаларын жана коопсуздуктун тиешелүү эрежелеринин талаптарын одоно бузуулганы такталды.
Сот системасынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен төрт миллион (курулуш иштеринин көлөмүн ашыкча баалоо) сомго жакын каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткен.
Учурда КР Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын бул кызматкерлери К.Р.С. жана А.Д.К. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда,-деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.



