Коом

ИИМдин Күзөт кызматы жайкы туристтик мезгилди өткөрүү боюнча жыйын өткөрдү

Бүгүн, Ысык-Көл облусунда ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана эс алуу жайларынын, пансионаттардын жетекчилери менен жолугушту.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев, ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов, КРдин ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов, КРдин ИИМдин Атайын багыттагы полктун командири Майрамбек Имангазиев, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров катышты.


Жыйындын жүрүшүндө ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов Күзөт кызматынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, санариптештирүүнүн алкагында ишке ашкан жаңы атайын каражаттарды көрсөттү.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков туристтик мезгилди ачуу учурунда 2023-жылкы жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмаларын берген.
Ички иштер министринин койгон тапшырмаларын аткаруу максатында, Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов жайкы туристтик мезгилди өткөрүүдө ИИМдин Күзөт кызматы жарандардын коопсуздугун жана өмүрүн камсыз кылуу максатында кылмыштардын, коомдук тартипти бузуулардын алдын алуу, ачуу жана бөгөт коюу боюнча объекттерди коргоо боюнча өз кызматтарын сунуштагандыгын белгиледи.
“Жайкы мезгилде эс алуу жайларында эс алуучулардын саны көбөйгөндө коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, пансионаттардын коопсуздугун камсыздоо – бул биздин тармак. Меймандардын бардыгы эле аймакты жакшы билишпейт, өз коопсуздуктарын ойлобойт, ошондон улам уурулук, чыр-чатак жана өзгөчө кырдаалдар сыяктуу криминогендик абал пайда болот”, -деди Күзөт кызматынын башчысы.
Ошондой эле, ал Күзөт кызматынын негизги милдети болуп кайтаруу иш-чаралары боюнча иш жүзүндө мыкты стратегияларды колдонуу болуп саналат. Күзөт кызматы объекттин бардык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бир гана эс алуу жайынын коопсуздугун эмес, жалпы эс алуучулардын дагы коопсуздугуна кепилдик бере тургандыгын баса белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button