Саясат

Жапаров менен Путин Сочиде эмнени талкуулашы мүмкүн?

Владимир Путин жана Садыр Жапаров Сочиде 24-май күнү жолуга турган болушту. Бул туурасында Россиянын башчысы элчилерге ишеним грамотасын тапшыруу учурунда билдирди.

«Кыргызстан менен кызматташтык жана биримдик мамилелери бекемделүүдө. Биздин өлкөлөрдү биргелешкен тарых барактары бириктирип турат. Биз бири-бирибизге карата өз ара ишеним жана урматтоону сезип турабыз. РФ жана Кыргыз Республикасы соода-экономикалык, аскер-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда өз ара ийгиликтүү кызматташууда. Евразиялык интеграцияны биргелешип өнүктүрүүгө умтулуудабыз. Мына ушул маселелер туурасында президент Садыр Жапаров менен 24 -майда Сочиде боло турган жолугушуу учурунда кеңири кеп кылабыз”, — деди В. Путин.

Бул сапар акыркы үч айга жетпеген мезгил ичинде эки өлкө башчыларынын экинчи жолугушуусу болмокчу. Садыр Жапаровдун Москвага жасаган алгачкы сапары жогорку расмий деңгээлде, тийиштүү болгон бардык саясий ызаат көрсөтүү менен өткөн эле. Бул Жапаровдун президент катары алгачкы чет элдик сапары болуп, ал дүйнөлүк практикада кабыл алынгандай, өлкөнүн негизги тышкы саясий багытын көрсөттү.

Ал жолугушууда Садыр Жапаров ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, КМШ сыяктуу багыттар боюнча социалдык-экономикалык, аскер-техникалык кызматташтыкты чыңдоо Россия Федерациясы менен тарыхый, маданий, үй-бүлөлүк байланыштар аркылуу, ошондой эле сатуу рыноктору менен абдан тыгыз байланышкан Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт болуп кала берээрин билдирген.   

Февраль айынын этегинде эки президент тең Кыргызстн менен Россиянын буга чейинки мамилелери майда-барат маселелерден улам дымып калганын, конкреттүү долбоорлордун, келишимдердин болбогонун, сапаттуу, жарандардын жашоо турмушун жакшыртууга багытталган масштабдуу долбоорлордун ишке ашпай калганын белгилешкен эле. Ошондуктан бул багыттагы ишти жөнгө салуу чечими кабыл алынган.  

Андан кийин Жерүй кенинин ачылышы болуп, ага Путиндин видеобайланыш аркылуу катышышы сейрек учураган көрүнүш болуп калды. Бул эки тараптын тең ири жана өз ара пайдалуу долбоолорду ишке ашырууга жогорку деңгээлде көңүл буруусун жана кызыкдар экенин көрсөтүп турат.

Эми экинчи сапар болоору күтүлүүдө. Сапардын Путиндин Сочидеги резиденциясында өтө турганы абдан символикалуу, анткени Россиянын лидер ал жерде өзүнө жакын гана президенттерди кабыл алат. Бул биздин өлкөлөр ортосунда тыгыз жумушчу байланыштар уланып жактанынан кабар берип турат.   

Алды турган сапардын өзгөчөлүгү анын бир канча окуялардан – Тажикстан тараптын кас агрессиясынан, чек аралардагы башаламандыктардан жана Путиндин Садыр Жапаровго телефон чалганынан кийин өтө тургандыгында. Мунун жыйынтыгы Жапаровду Сочиге чакыруу болду. 

Визиттин форматына караганда, убакыттын арбын бөлүгү кыязы, конкреттүү долбоолорду өнүктүрүүгө арналчудай. Акыркы эки жума ичинде Бишкекке бир нече россиялык делегация, анын ичинде, “КАМАЗ” жана башка ири холдингдердин өкүлдөрү келип кетишти. Алар Россиянын президентинин жарлыгын аткаруу багытында Кыргызстандын бийликтери менен аскер, өнөржай, соода, айыл чарба кооперациясын күчөтүү, жарандардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө багытталган конкреттүү өндүрүштү жөнгө салышмакчы. Бул кризистин жана тамак-аш азыктарынын бардык түрүнө баалар жогорулап жаткан шарттарда эки өлкө үчүн тең  маанилүү жана өз ара пайдалуу.          

Кыязы, жолугушууда Кыргызстандын чек аралары туурасында маселе да талкууланат, себеби делимитацияланган жана демаркацияланган чек ара биздин республикага гана эмес, Россияга да абдан маанилүү болуп турат. Анткени биздин чек ара – бул ЕАЭБдын салыктык да, бажылык да чек арасы. Ошондуктан биздин Тажикстан менен чек арабыздын жоктугу бул демек, ЕАЭБдин чек арасындагы тешик жана бул Москваны канааттандырбашы ыктымал.

Мындан тышкары, жолугушууда кеңири инвестициялык программалары бар Газпром, Роснефть, Росатом, Ростех ж.б. конкреттүү холдингдерди деталдуу колдоонун мындан аркы чаралары туурасында маселе талкууланышы мүмкүн. Бул холдингдерге бизде конкреттүү долбоолор керек, эгерде алар кыргыз тараптан сунуштала турган болсо, анда алар ишке ашырылат.  

Гуманитардык кызматташтык маселелери өзүнчө талкууланат. РФнын агартуу министринин сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын аймактарында орус тилин тереңдетип окута турган бир нече мектептердин курулушу туурасында келишим бекитилген. Бул орус тилин жана маданиятын масштабдуу алдыга жылдыруу жана ага россиялык жетекчилик олуттуу көңүл буруууда жана көп өлкөлөр үчүн жакшы үлгү болуп бере алат. Ошондуктан экономика жакшы экенин, бирок адамдар бир тилде сүйлөй албаса, ишкер байланыштарды жөнгө салуу абдан татаал экенин баарыбыз түшүнүп турабыз. Мындайча айтканда, бирдиктүү маданий, маалыматтык мейкиндиктин болушу шарт, бул маселе да эки президент тарабынан талкууга алынат болушу керек.   

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button