Коом
Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлеринин балдары үчүн лагерь ачылды

Салтанатка Садыр Жапаров катышты.
Мурда «Спутник» деп аталган борбор УКМКга караштуу болчу. Азыр анын аталышы «Айкөл» деп өзгөртүлдү.
«Убактысын, ден соолугун, жаштыгын өлкө кызыкчылыгына арнаган эр азаматтарды мамлекет көз жаздымда калтырбайт. Алардын балдарына кам көрсөк, алар да улут үчүн кам көргөн патриот болуп өсөт деп ишенем”, — деди Жапаров.







