Коом

УКМК кызматкерлери №48 атайын мектепке чейинки билим берүү мекмесинин тарбиялануучуларын куттуктады

2024-жылдын 31-майында УКМК кызматкерлери, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-лейтенант К.К.Ташиевдин тапшырмасы менен Бишкек шаарынын Свердлов районунун №48 атайын мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиялануучуларын «Балдарды коргоонун эл аралык күнү» менен куттукташты.

Буга чейин, №48 атайын мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Р.Сулайманкулова УКМК төрагасы К.Ташиевге кайрылып, аталган уюмду көрктөндүрүү жана эмерек сатып алуу боюнча көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирген. 

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын карамагында турган №48  атайын мектепке чейинки билим берүү мекемеси интеллектуалдык өнүгүүсү, угуусу жана сүйлөөсү начар балдар үчүн өлкөдөгү жалгыз адистештирилген, күнү-түнү тарбиялоочу мекеме болуп саналат. Учурда 10 топто жалпы 230 бала, анын ичинен 6 түнкү топто 60 бала тарбияланып жатат. 

КР УКМК төрагасы К.Ташиевдин тапшырмасынын негизинде аталган уюмдун ички абалын жакшыртуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, балдар ойноочу аянтча жаңыланды, жасалма газон төшөлдү, муздаткыч оңдолуп, сырдоо иштери ж.б керектүү шарттар түзүлдү. Ошондой эле, канализациялык люктар алмаштырылды. 

Мындан тышкары, КР УКМК кызматкерлери майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө комитеттин башчысынын жана жамаатынын атынан мекеменин тарбиялануучуларын майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырды. Ошондой эле, 53 адамдан турган тарбиячылардын (сурдопедагогдор, дефектологдор, логопеддер)  жана педагогдордун ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аларга сыйлык катары 265 миң сом өлчөмүндө акча каражаты берилди. 

Өз кезегинде №48 атайын мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчилиги жана жамааты КР УКМК башчысына жана кызматкерлерине ыраазычылыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, окуу жылынын башында КР УКМК төрагасы, генерал-лейтенант К.К.Ташиев аталган уюмга жеке өзү барып, алардын жумушуна ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү пландап жаткандыгы айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button