
Каракол шаарында Жолболду уулу Садыракенин 200, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелерине арналган “Улут баскан улуу жол” аттуу фестиваль кечээ, 2-июлда жыйынтыкталып, республикалык жана облустук ар кандай номинациядагы сынактарда жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.Сыйлыктарды президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов жана Каракол шаарынын мэри Чыңгыз Бапаев Каракол шаарынын борбордук аянтынан тапшырышты.
Кыргыз-казак эл аралык айтыш сынагынын жеңүүчүлөрү:Баш байге: Азамат Болгонбаев жана Мухтар Ниязов;1-орун: Эсенбек Кийизбаев жана Бауыржан Ширмединұлы;2-орун: Арген Биймырза уулу жана Турат Жумаев;3-орун: Изат Айдаркулова жана Максат Кулуев.
“Шайыр апалар“ сынагынын жеңүүчүлөрү:1-орун — “Айым эне” Балыкчы шаары;2-орун – “Чолпон-Ата айымдары” Чолпон-Ата шаары;3-орун – “Шапак ата келиндери” Түп району;3-орун – “Барскоон айымдары” Жети-Өгүз району.
“Этно мода” сынагы боюнча жеңүүчүлөр:1-орун — Ош шаары;2-орун — Түп району;3-орун — Бишкек шаары, Ак-Суу району.
“Так теке” сынагы боюнча жеңүүчүлөр:1-орун — Ысык-Көл облусу, Каракол шаары;2-орун — Нарын облусу;3-орун — Жалал-Абад облусу.
«Ысык-Көл – Боз үй мекени” макамын алгандыгына байланыштуу «Хан Боз үйлөр жасалгасы, каада-салт» сынагы (республикалык деңгээлде):1-орун – Ош облусу;2-орун – Чүй облусу;3-орун – Жалал-Абад облусу.
«Кол өнөрчүлөр жана шырдак дүйнөсү» сынагы (республикалык деңгээлде):1-орун — Нарын облусу (Айсалкын Сатылганова — шырдак);2-орун — Ысык-Көл облусу (Рая Орозбаева — сайма туш кийиз)3-орун — Жалал-Абад облусу (Таштанбек Сооронбаев — кылкыяк мүйүздөн жасалган).
«Фольклордук этно топтордун салттуу музыка сынагы» (республикалык деңгээлде):1-орун – Ош шаары “Улуу Мурас” фольклордук тобу;2-орун – Чүй облусу “Кер-Өзөн” фольклордук тобу;3-орун – Ысык-Көл облусу “Кут” ансамбли.
«Элдик көчө театрлардын сынагы» (Акелердин тарыхы жана улуттук нарк боюнча облустук деңгээлде):1. Жети-Өгүз району;2. Ысык-Көл району;3. Тоң району.



