Коом

Дордой конушунда 570 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Бишкек шаарындагы Дордой конушунда жайгашкан №94 жалпы билим берүү мектебинин 570 орундуу жаңы окуу корпусу ачылды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, үч кабаттуу, жалпы аянты 1810 чарчы метрди түзгөн жаңы корпуста окуу класстары, жыйындар залы, ашкана, спорт залы жана башка зарыл бөлмөлөр каралган.

Ошондой эле имаратта заманбап инженердик системалар колдонулуп, окуу класстары ысык жана муздак суу, жаңы эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар менен камсыздалган.

Белгилей кетсек, объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган.

Жаңы корпус эки нөөмөттө иштеген шартта 1000ден ашык окуучунун билим алуусуна шарт түзүп, Дордой конушундагы мектепке болгон орун тартыштыгын азайтууга өбөлгө түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button