Пайдалуу кеңештер

Чачтын сезондук түшүүсүн таздануудан кантип айырмалоого болот

Дерматолог Ольга Антонова күзүндө көпчүлүк адамдарда кездешүүчү чачтын сезондук түшүүсүн таздануудан кантип айырмалоого болорун айтып берди.

Анын айтымында, негизги эреже — түшкөн чачтын санына гана эмес, убакыттын өтүшү менен чачтын жалпы коюулугуна көңүл буруу.

«Алопециясы жок адамда түшкөн чачтын ордуна акырындык менен мурдагыдай эле калыңдыктагы жана сапаттагы чач өсүп чыгат. Ал эми алопеция учурунда жаңы чыккан чачтар бара-бара жука, кыска жана алсыз болуп, көзгө азыраак көрүнүп калышы мүмкүн», — деп түшүндүрдү адис.

Мындан тышкары, чачтын ажырымынын кеңейиши, баш терисинин көрүнүп калышы, чачтын куйругунун жукарышы, айрым жерлерде чачтын суюлушу жана узун чачтардын арасында кыска чачтардын көбөйүшү да таздануунун белгилери болушу мүмкүн.

Дерматологдун белгилешинче, айрым учурларда сезондук чач түшүү менен алопеция бир учурда кездешиши мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button