Коом

Абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкек шаарында абанын сапатын рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Иш-чаралардын алкагында борбор калаанын аймагында 0–13 мм фракциядагы майда көмүрдү сатууга, сактоого жана пайдаланууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 11 отун базасы жана 33 стационардык көмүр сатуу пункту иш алып барат. Буга чейин шаар аймагында 21 рейддик иш-чара өткөрүлүп, 31 көмүр сатуучу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, автотранспорт каражаттарынан атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерге шайкештигин текшерүү максатында рейд өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө 10 унаа текшерилип, 2 транспорт каражатынан чыккан түтүндүн көлөмү белгиленген ченемдерден ашканы аныкталды. Аталган фактылар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, айып пул салынды.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында белгиленген ченемдерден ашык зыяндуу заттарды чыгарган транспорт каражаттарына байланыштуу 150 протокол түзүлүп, мыйзам бузган жарандарга жана транспорт каражаттарынын ээлерине жалпы 1 млн 939 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Тектеш кабарлар

Back to top button