Бейөкмөтчүлөр эми директорлорду дайындай баштадыбы?

Билим берүү тармагындагы маанилүү реформалардын бири болгон, республика боюнча мектеп директорлорун сынак менен тандап алуу иши өткөн жылы ийгиликтүү ишке ашкан. Кыргызстан боюнча, өзгөчө Бишкек шаарында 10-20 жыл бою мектеп директорлугунан түшпөй өз билгенин кылып келгендер иштен айдалып, билим берүү тармагы кадимкидей тазаланган.
Бирок маанилүү реформага шек жараткан кырдаал Бишкек шаарындагы №38 Райкан Шүкүрбеков атындагы мектепте орун алды, — деп билдирди аталган мектептин жамааты.
Быйыл мектепти бүтүп жактан 2 окуучунун (бирөөсү акыркы 4-чейрек сабакка дээрлик катышкан эмес) даттануусун негиз кылып, Анара Дауталиева аттуу бейөкмөтчү айым сынактан жеңип келип, директорлук кызматта ийгиликтүү иштеп жаткан Садырбаева Жылдызды кызматтан кетирүүгө болгон аракетин жумшап, көздөгөнүнө жетти. Ордуна көп жыл бул мектепти башкарып, былтыркы директорлорду тандоо сынагынан өтпөй калган Роза Жумалиева убактылуу дайындалды.
Баарынан өкүнүчтүүсү, Бишкек шаардык билим берүү департаментинин өкүлү Ч. Исакова Анара Дауталиеванын сөзүн сүйлөп, реформага бут тосуп жатканы болууда.
Бишкек шаарындагы № 38 мектептин жамааты бул тууралуу тиешелүү органдарга жана Президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасаарын билдиришти.



