ВИДЕО: Ысык-Көлдө милициянын кызматкерлери балдардын ден-соолугун чыңдоочу жайларда жолугушууларды өткөрүүдө

Жайкы каникул мезгилинде, балдардын ден-соолугун чыңдоо жайларында коомдук тартипти жана балдардын коопсуздугун камсыздоо, Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлеринин өзгөчө көзөмөлүндө турат.
Ар бир кезметте, Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекторлору тейлеген аймагында жайгашкан балдардын ден-соолугун чыңдоо жайларына барып турушат. Учурда, район боюнча бардыгы болуп, 29 балдардын ден-соолугун чыңдоочу жайлары иштөөдө.

Милиция кызматкерлери балдар жайларынын аймагында коопсуздукту камсыз кылууга, райондук милициянын нөөмөт бөлүгүнүн жана милициянын участкалык ыйгарым укуктуу инспекторлорунун телефон номерлеринин бар экендигин текшерүүгө өзгөчө көңүл бурушат. Эс алуу жайлардын башчылары жана кызматкерлери менен жайкы эс алуу мезгилинде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча нускамаларды өткөрүшүп, өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо, кандай аракеттерди колго алууну түшүндүрүшөт.

Эс алуу жайларында эс алып жатышкан балдар да, милиция кызматкерлеринин көз жаздымында калбайт. Балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору өспүрүмдөргө жеке коопсуздук чаралары, көлдөгү жүрүм-турум, теңтуштары менен баарлашуу эрежелери, телефон жана планшет сыяктуу материалдык баалуулуктарды сактоо тартиптери жөнүндө айтып беришет, ошондой эле ар кандай укук бузуулар жана мүлктүк мүнөздөгү кылмыштар үчүн жоопкерчиликти эскертишет. Алкоголдук ичимдиктерди жана баңги заттарды колдонбоону эскертет.
Мындан тышкары, милиция кызматкерлери эс алуу жайлардын жетекчилерине балдар жана өспүрүмдөр менен күн сайын профилактикалык иштерди жүргүзүү зарылдыгына көңүл бурушат. Бул максатта, райондун милициясы эс алуу жайлардын кызматкерлери үчүн жайкы эс алуу мезгилинде балдардын коопсуз жүрүм-турум эрежелери боюнча эскертмелерди жана буклеттерди иштеп чыгышкан.



