Ошто МАИ кызматкерине кол көтөрүп, денесине жаракат келтирген 2 жигит кармалды
Ошто 2 мас абалындагы жигит милициянын кайгуул кызматкеринин денесине жаракат келтирген. Бул тууоалуу Ош ШИИБден билдиришти.
2-июль күнү болжол менен 05:00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкери милициянын старшинасы өзүнүн бөлүнгөн аймагында кызматын өтөп жатып, Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаасын тосуп, тиешелүү документтерин текшерип жаткан учурда, ошол эле унаада жүргүнчү катары бара жаткан белгисиз жарандар кызматкерге тоскоолдук көрсөтүп, денесине жараат келтиришкен.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдүн өздүгү аныкталган. Шектүү катары кармалгандар Ош шаарынын 2005 жана 2000-жылы туулган жарандар экени, окуя болгон учурда мас абалында экени аныкталган.
Кармалган шектүүлөрдүн Ош шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, 2-августка чейин камакка алынган.


