УКМК: Чүйдө аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды саткан канал аныкталы — ВИДЕО

Чүй облусунда аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды сатуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан республикалык бюджетке зыян келтирүүчү кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, 2023-жылдын 4-июлунда Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде мыйзамсыз ташылып келинген күйүүчү-майлоочу майларды сатуу боюнча ири кампа табылды.
Ал жер тиешелүү уруксат кагаздары жана мамлекеттик органдарда каттоо документтери жок май куюучу жай катары жабдылганы аныкталды.
Учурда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте аныкталган фактыларды документтештирүү, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.




