Коом

УКМК: Мамлекеттик чек ара өткөрүү пунктунда алдамчылык фактысы аныкталды — ФОТО

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, акча каражаттарын алуу максатында чек ара көзөмөлүнүн белгиленген талаптарын аткарбастан, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүү жолу менен айрым жарандар тарабынан алдамчылык фактылар аныкталган.

2023-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын жараны А.Р. алдамчылык жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМК убактылуу кармоочу жайына кармалды.

Учурда КР УКМК тарабынан бул фактыларга мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин документтештирүү боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди Атайын кызматтын Басма  сөз борборунан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button