Коом
Бишкектин түндүгү менен түштүгүн байланыштырган 3 жаңы жол салынат
Алар Ахунбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисин бириктирет. Мэрия жаңы жолдор 7-Апрель, Абдрахманов жана Айтматов проспектилерине альтернатива болорун айтты.
Кеп Фучик, Бакаев жана Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Лев Толстой көчөсүнө чыгаруу жөнүндө болууда.
Мэрия Жибек Жолу менен Ахунбаев көчөлөрүн Сүйүмбаев, Кара-Дарыя жана Шүкүрөв көчөлөрү аркылуу кантип бириктирерин көрсөттү.
Жаңы жолдордун туурасы 15 метр болот. Жогоруда болжолдуу карта көрсөтүлдү.



