«Тазалыкка» гана төлөгүлө! — Бишкектин Октябрь районунун акими кайрылуу жасады
Бишкектин Октябрь районунун тургундары таштанды чыгаруу кызматын “Тазалык” ишканасынын эсеп-дүмүрчөсү боюнча гана төлөшү керек. Бул тууралуу маалымат жыйында аким Жаныбек Орозалиев билдирди.
«»Тазалык» муниципалдык ишканасына гана төлөш керек. «БишкекВторРесурус» (БВР) менен калган маселелер соттук териштирүүдө чечилет. Башында Октябрь районунун жашоочуларында эсеп-дүмүрчөк боюнча суроолор жаралышы мүмкүн. Биз алардын баарына жооп берүүгө даярбыз», — деп баса белгиледи Орозалиев.
«Тазалык» ишканасынын директору Рамиз Алиевдин айтымында, буга чейин эки дүмүрчөктүн окуясын болтурбоо максатында «БВР» жеке ишканасынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргөн: Октябрь районунун жашоочуларына «Тазалыктын» атынан бир квитанция жөнөтүү сунушталган, ал эми «БВР» июнда абоненттерден төлөмдү алган соң, алар иштеген 13 күн үчүн акчасын төлөп берүү жагы каралган. Бирок компания таш тартты.



