Коом

Эмгек министрлиги кетүүгө чейинки даярдык боюнча онлайн курсту кайда өтүү керектигин айтты

Чет өлкөгө барууну каалагандар migrant.kg мобилдик тиркемесин жүктөп алып, кетүүгө чейинки даярдоо курсунан өтсө болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Курсту аяктагандан жана тесттен ийгиликтүү өткөндөн кийин, колдонуучулар кетүүгө чейинки даярдыктан өткөндүгү тууралуу сертификат ала алышат. Бул сертификат жарандардын кетээр алдында керектүү билимди жана көндүмдөрдү алганын тастыктаган документ болуп саналат.

Сайтты колдонуучулардын статистикасы боюнча, www.migrant.kg сайтына колдонуучулардын 90%га чейинкиси бул мобилдик тиркеме аркылуу кире алышат.

Бул сайтта жумуш издегендердин маалымат базасы жайгаштырылган, ал ишке орношууну каалаган жана чет өлкөдө ишке орношкон кыргызстандыктардын онлайн эсебин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Жеке ишке орноштуруу агенттиктерине өздөрүнүн жеке кабинеттерин түзүүгө мүмкүнчүлүк берилет, анда алар талапкерлердин маалыматтарын маалымат базасына киргизип, андан соң борборго онлайн отчетторду бере алышат.

Ошондой эле сайтта дүйнөнүн интерактивдүү картасы киргизилген, анда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери, мамлекеттик органдар жана алардын миграция чөйрөсүндөгү чет өлкөлөрдөгү коомдук өкүлдөрү, диаспоралык уюмдар ж. б. жөнүндө байланыш даректери жайгаштырылган.

Сайтта ошондой эле жумушка орношуу үчүн жеткиликтүү өлкөлөр, эмгек миграциясына даярдануу жол-жоболору, жумуш издөө, иза, каттоо, салыктар жана жана башка көптөгөн нерселер жөнүндө маалыматты онлайн режиминде окууга болот. Ошентип, жарандар чыгууга натыйжалуу даярданууга мүмкүнчүлүк алышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button