«Аю» холдингинин ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун 10 млрд сомдон ашкан байлыгы мамлекетке өттү

Шаршенбек Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 миллиард сомдон ашкан ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекеттин балансына өткөрүлдү.
Бул тууралуу УКМК билдирди. «Сотко чейинки өндүрүшкө негизделген тергөө иш-чараларынын алкагында «Аю» холдингинин ээси Абдыкеримов Шаршенбек жасалма каржылык документтерди пайдалануу аркылуу кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарын бузганы аныкталды.
«Аю» холдингинин ишмердүүлүгүндө узак убакыт бою милдеттүү салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу боюнча, ошондой эле компаниянын экономикалык ишине мыйзамдуулук берүү максатында мүлктүн бир бөлүгүн аффилирленген жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешелерди адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшыруу схемасы иштеп келгени аныкталган.
Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында Абдыкеримов Шаршенбек тарабынан мамлекеттин балансына жалпы наркы 10 млрд сомдон ашкан ири соода-оюн-зоок борборлору, өнөр жай базалары жана коммерциялык жайлар өткөрүлүп берилди», — деп айтылат расмий маалыматта.



