Коом

Токмоктогу жеке мектептин 84 бүтүрүүчүсү аттестат алган жок. Министрликтин комментарийи

Токмок шаарындагы жеке менчик «Ай Кью» билим берүү комплексинде 2022-2023-окуу жылында 84 бүтүрүүчү аттестат ала элек.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева бүгүн, 14-июлдагы маалымат жыйынында 2022-2023-окуу жылына жеке менчик мектеп экстернатга лицензиясы жок 84 окуучуну мыйзамсыз кабыл алганын билдирди.

«Алардын экстернат боюнча лицензиясы жок болгондуктан, Билим берүү министрлиги аларга аттестат бере албайт жана алар ЖОЖдорго да документ тапшыра алышпайт. Мектеп 84 окуучунун ата-энесинен 1 жылда 60 миң сомдон 75 миң сомго чейин алган. Бул мыйзамсыз жана кайтарылып берилиши керек. Муну Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМден өтүнөбүз. Министрлик окуучулардын эч күнөөсү жок деп эсептейбиз жана укуктарын коргойбуз»,— деди ал. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button