Коом

Өмүр тартуулаган тартип сакчылары! Милиционерлер Ысык-Көлгө чөгүп бара жаткан жигитти куткарып калышты

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери милициянын старшинасы Артур Ашимбаев, милициянын старшинасы Эркинбек уулу Дүйшөнбек жана полктун Ош шаарында жайгашкан 3-батальонунун кызматкерлери милициянын сержанты Баатырали уулу Шерзат жана Эламан Мурзабеков Ысык-Көл облусундагы “Ала-Тоо” эс алуу жайында 2023-жылдын 18-июль күнү саат 12:20 чамасында кызмат өтөө учурунда сууга чөгүп бара жаткан жигитти көрүп, тез арада куткарып калышкан. Куткарылган 27 жаштагы жигитке кызматкерлер биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматын чакырып өткөрүп беришкен. Куткарылган жаран Ош шаарынын тургуну болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button