Коом
Ошто аскадан Папан суу сактагычынын аймагына кулап кеткен адам куткарылды

ӨКМ билдиргендей, окуя Кара-Суу районунда болгон. 25 жаштагы жигит жардан суу сактагычтын аймагына кулаган.
Жардамга барган төрт куткаруучу аны аман алып калып, тез жардам кызматына өткөрүшкөн. Бактыга жараша, жигиттин абалы жакшы.



