Коом

УКМК коррупция жана башка кылмыштар боюнча айыпталып, абакта жаткан адамдар тууралуу маалымат берди

Коррупция жана башка кылмыштар боюнча айыпталган адамдарды камактан бошотуу учурлары боюнча социалдык тармактарда жана интернет талаасында эки ача ойлор пайда болгондугуна байланыштуу, КР УКМК төмөндөгүлөрдү билдирет.

Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын милдеттерине ылайык кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын кылмыштардан коргоо камсыздалып, күнөөлүү адамдардын бети ачылып жана жоопкерчиликке тартылат, ошондой эле материалдык зыяндын ордун толтуруу камсыз кылынат.

Ушуга байланыштуу улуттук коопсуздук органдары тарабынан кылмыш иштерин тергөөдө кылмыш жасоонун себептерин жана шарттарын, зыяндуу кесепеттерин жоюуга, келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн иш боюнча чындыкты аныктоо туралуу өзгөчө көңүл бурулат.

Бул максаттарга жетүү жана УКМКга жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн кылмыш иштери боюнча соттолуучуларга карата кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда белгиленген тартипте, жасалган кылмыштардын оордугуна жараша, тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча сот камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандайт.

Белгиленген максаттардын ишке ашышына жараша, анын ичинде мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтуруу, айыпкерлердин тергөө менен кызматташуусу жана кылмыштын бетин ачууга жана башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга көмөктөшүүчү көрсөтмөлөрдү берүү, ошондой эле айыпталуучуда медициналык корутунду менен ырасталган оорулары бар болсо, тергөө органдары тарабынан айрым учурларда сотко баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү зарылчылыгы жөнүндө же кетпөө жөнүндө тил кат менен  өтүнүч берилет.

Ошону менен бирге УКМК коомчулуктун көңүлүн баш коргоо чарасын өзгөртүү жана айыпталуучуларды камактан бошотуу фактысы алардын эч кандай түрдө кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбай тургандыгына бурууну зарыл деп эсептейт, ал эми кылмыш иштери соттук кароонун жыйынтыгы боюнча өкүм чыгарган сот органдарына жөнөтүү менен логикалык жактан аягына чыгарылат.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү иши улантылып, ага тиешеси бар адамдар мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартылат, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button