Окуялар

Бишкекте белгисиз бирөөлөр 30 ит-мышыкты кескилеп жана атып өлтүрүшүп өрттөп ийишкен

Бишкектин «Ынтымак» паркына канаатташ жайгашкан токойчодо белгисиз бирөөлөр 30 ит-мышыкты кескилеп жана атып өлтүрүшүп, өрттөп ийишкен. Бул тууралуу маалыматты 24.kg маалымат агенттигине ӨКМ бышыктаган. Жаныбарлардын өлүктөрүн өрт өчүрүүгө келгендер таап чыгышкан.

«Токойдон өрт чыкканы тууралуу маалымат бизге 16-сентябрда, 14 саат 37 минутада келип түштү. Өрт саат 15.18ге карата курчалып, 17.20да толук өчүрүлдү. Бир ит күйүктөн өлдү. Калган 29 ит-мышык кескилеп, анан атып өлтүрүлгөн. Баш-аягы 30 жаныбар экен. Өрттүн себеби такталып жатат», — деп билдирген ӨКМ.

Булак: 24. kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button