КоомОкуялар

Нарында дааратканадан табылган жансыз дене. Уулу атасын кантип өлтүргөнүн айтты

Нарын шаарында атасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

6-январь күнү саат болжол менен 21:00 чамасында Нарын ОИИБге Нарын шаарынын Мырзабеков көчөсүнүн үйүнүн биринде кароосунда жайгашкан ажатканасынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге Нарын ОИИБдин жана Нарын ШИИБдин ыкчам тергөө топтору чыгып, кароо жүргүзүүдө аталган даректеги турак үйдүн короосунун ажаткананын ичинде белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы аныкталып, жансыз денени алып чыгуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Нарын шаары жана Нарын району боюнча куткаруучулары чакырылып, жансыз денени алып чыкканда ал Нарын шаарынын Мырзабеков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин тургуну, 1970-жылы туулган жаран экендиги туугандары тарабынан таанылган.

11-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында аялы милицияга кайрылып, анын дайынсыз болуп жатканын билдирген. Аталган факты 12-ноябрь күнү каттоого алынып, издөө иштери жүргүзүлүп келген.Кылмыш иштин алкагында маркумдун 1997-жылы туулган баласы жактоочунун катышуусунда сурак жүргүзүлгөн.

Ал атасы спирт ичимдигин ичкен кызуу абалында болгондуктан, эмне спирт ичимдигин ичесиз деп өз ара уруша кетип, атасын түртүп жибергенде ал чалкасынан жыгылып башы менен цементтин кырына тийип, эсин жоготуп койгондугун, ошону менен ал турбай калганда каза болуп калды деп ойлоп башына целлофан баштыкты кийгизип, көтөрүп барып короосундагы ажатканасына салып чөктүрүп салгандыгын айткан.

7-январь күнү шектүү кармалып, камакка алынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button