Коом

Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, эки кылмыш иши опузалап пара алуу беренеси; төрт кылмыш иши — кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануужана билип туруп пайдасыз келишим түзүү.

Учурда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө кошумча маалыматтар берилет.

Белгилей кетсек, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button