Коом

Азиат улутундагыларга мыйзамсыз аракеттерди жасаган улутчулдар тобу УКМКнын СИЗОсуна эки айга камалды

Буга чейин  Бишкек шаарында жана Чүй облусунда улутчулдардын көмүскө тобу иш жүргүзүп, азиат улутундагы адамдарга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, алардын мыйзамсыз аракеттерин видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаган Кыргыз Республикасынын үч жараны УКМК тарабынан кармалган эле.

Алар С.Б.М., Н.Р.В. жана С.Г.Р.  аттуу жарандар деструктивдүү жаштар субмаданиятынын жактоочулары, скинхеддер деп аталгандарга карата 2 айга КР УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Тиешелүү чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Эске салсак, КР УКМК тарабынан 1 жана 4-пункттарында каралган кылмыштардын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгү менен улутчулдардын жашыруун тобунун мүчөлөрү азиат улутундагы адамдарга карата мыйзамсыз аракеттерди жасап, алардын мыйзамсыз аракеттерин видеого тартып, фашисттик символдорду колдонуу менен социалдык тармактарга жарыялаганы үчүн кармалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button