Окуялар

Бишкектин чок ортосунда ок атышуу. Милицияга 5 адам жеткирилди

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектин чок ортосунда ок атуу болду деген видеону бөлүшүп жатышат.

«Исанов жана Чүйдөгү клуб. Саат 4төр чамасында унаадагы кишини атып кетти», — дейт автор.

Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден маалымат беришип, аталган факты каттоого алынганын билдиришти.

Ал жерге милиция кызматкерлери барышкан. 1995-жылы туулган 2 жаран, 1988, 1983 жана 1985-жылы туулган жарандар аныкталып, милицияга жеткирилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button