Коом
Жалал-Абадда болгон мушташ боюнча милициянын билдирүүсү

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичирайонунда болгон окуя Жалал-Абад шаардык ИИБнын маалыматтарды каттоо журналында катталып, мушташкан жарандардын инсандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ооруканага жана ички иштер бөлүмүнө эч кимиси кайрылган эмес, ошондой эле бири-бирине доо-арыз жазгандан баш тартышкан.
Аталган фактынын бардык жагдайларын тактоо боюнча Жалал-Абад ШИИБи тарабынан ыкчам-иликтөө иштери уланууда.



