Коом

Кыргызстанда 100 миң сом алган 13 миң үй-бүлөнүн 9у гана иштетип кете алган жок

«Социалдык келишим» долбоорунун алкагында 100 миң сомдон алган 13 миң үй-бүлөнүн тогузу гана ишкердик кыла албай калды. Бул туурасында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев айтканын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик программага катышкандардын 96 пайызы — аялдар.

«Бир жарым жылда 13 миң үй-бүлөнүн ичинен тогузу гана жүйөлүү себептер менен сунуштаган долбоорун жүзөгө ашыра албай калды. Себеби кээ бири каза болсо, дагы бири көчүп кетти. Калган үй-бүлөлөр жөлөк пул алуучу статусунан жеке ишкер макамына өтүп, өзүн-өзү камсыздап, жашоо-турмушун оңдоп алышты», — деди министр.

Аны менен катар Базарбаев президенттин жакырчылыкты жоюу боюнча демилгеси эффективдүүлүгүн көрсөтүп жатканын белгилеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button