Теңиз Бөлтүрүк айына 100 миң доллар алып жүргөнбү? Финансы министрлиги жооп берди

Финансы министрлиги, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында мурда жарыяланган «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясынын» президенти Тенгиз Бөлтүрүктүк эмгек акысына байланыштуу маалыматтардын ачык-айкындуулугун жана толуктугун камсыз кылуу максатында, төмөнкүлөрдү билдирди.
«Белгилүү болгондой, президенттин токтомуна ылайык, бул реформаларды ишке ашыруу максатында «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коом түзүлүп, Теңгиз Бөлтүрүк уулу президенттик кызматка дайындалган. Бул ишкананын уставдык капиталын түзүү үчүн республикалык бюджеттен 3 400,0 млн сом бөлүнгөн. Финансы министрлиги баса белгилейт, ушул күнгө чейин ага республикалык бюджеттен жана «Улуу көчмөндөр мурасынын» бюджетинен айлык акы берилген жок. Ар бир чыгашалар бухгалтердик отчеттор менен тастыкталган. Учурда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясын жоюу иштери жүрүп жатат»,— дешти.
Буга чейин ЖМКлар “Кумтөр Голд Компанинин” тышкы башкаруучусу катары Теңиз Бөлтүрүк“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдингинен айына 45 миң доллар маяна алып турганын, муну Каржы министри Алмаз Бакетаев бекиткен айлык экенин, андан сырткары Кумтөрдөн айына дагы 55 миң доллар алып турганын жазып чыгышкан. Ошентип, Бөлтүрүк айына 100 миң доллар алып жүргөнүн билдиришкен.



