Коом
Оштогу кайгуул кызматкерлеринин нааразычылыгы: 92 кызматкер тартиптик жазага тартылды
28-июль күнү Ош шаардык кайгуул кызматкерлери нааразычылык чогулушун өткөрүшкөн. Бул факты боюнча атайын коммиссия түзүлгөн. Комиссиянын чечимине ылайык, жалпы 92 кызматкер ар кандай тартиптик жазага тартылышты. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Алардын ичинен;
-2 кызматкер Ички иштер органдарынан бошотулду;
-5 кызматкер ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
-11 кызматкер Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башка бөлүмдөрүнө которулду;
Калгандары ар кандай тартиптик жазага тартылган.
Эске салсак, 28-июлда Ош шаардык кайгуул кызматкерлери нааразычылык акциясын уюштурган. Алар жетекчиликке карата нааразычылын билдиришкен.



