Коом

Ноокатта өз жанын кыйып, кат таштаган 8-класстын окуучусу. Шектүү камакта калтырылды

Ноокатта өз жанын кыйып, кат таштаган 8-класстын окуучусунун өлүмү боюнча кармалган шектүү 26-августка чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Ош облусунун Ноокат районунда 8-класстын окуучусу өз жанын кыйган. Факты 25-июлда катталган. Ош ОИИБден аталган факты боюнча «өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгонун, кылмышка шектүү катары 35 жаштагы айылдашы кармалганын билдиришкен.

Жергиликтүү маалымат каражаттары маркумдун өлүм алдында кат таштап кеткенин, анда ал сабалганын жазганын билдиришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button