Коом

Малайзияда жеке учак кулап, 10 адам каза болду

Кечээ, 17-августта Малайзияда жеңил моторлуу жеке учак кулады. Кеминде он киши каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу Malay Mail жазат. 

Бортунда 8 киши болгон учак машина менен мотоциклди да сүзгөн. Ал Ланкави аралынан учуп, кийин радардан жоголуп кеткен. Полиция кызматы учак жергиликтүү трассага кулап түшкөнүн, кырсык болгон учурда унаа менен мотоцикл жолдо бара жатканын билдирген. Учакта болгондордун баары, жеңил унаанын айдоочусу жана мотоциклист ошол жерде каза болушкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button