Өмүрзак Бейшембиев: Өзбектерге кете турган 4 пансионатты бир да ишкер албайт, себеби аларга пайда алып келбейт

Коомдук активист Өмүрзак Бейшембиев Ысык-Көлдөгү 4 пансионат тууралуу жеке пикирин Фейсбук баракчасына чыгып, түз эфирден эле кайрылуу жасап, ага берилген суроолорго жооп берди.
Өмүрзак Бейшембиевдин айтымында Өзбекстанга берилчү төрт пансионатты бир да эң бай деген ишкер алып иштетпейт, анткени ал ошол ишкерлерге пайда алып келбейт.
-“Кыргыздын ишкерлерине Өзбекстанга кетчү пансионаттарды бербейби” деген суроолор болуп жатат. Ага мындай жооп берем. Кыргыздын ишкерлери Өзбекстанга кетчү төрт пансионатты алгандай келесоо эмес, алар албайт. Эми айрымдар ошол сөзгө жабышып өзбектер тупой турбайбы деп жазып жатышат. Ушинтип жазып жаткандар өздөрү жакшы билишет, бизге 40 миллион долларга штраф салынды. Анткени биз келишимди аягына чейин аткарбай бузганыбыз үчүн. Союз маалынан бери иштетип келген өзбектерден популисттик ниетте убагында тартып алышкан деп жатат. Бул чындык. Эми өзбектер өздөрү ала турган болсо жанагы штрафты бизге салбайт, өздөрү иштетет. Жазган арызын кайра артка алышат. Ошол төрт пансионатты аларга иштеткенге берип салганыбыз бизге ылайыктуу. Эгер аларга бербейбиз, кыргыз ишкерлерине беребиз дешсе анда кыргыз ишкерлер 40 миллион долларды берип туруп, анан иштетиш керек. Бул тууралуу айтылып жатат, бирок айрым комментарий жазгандар элдин оюн тескери буруп, элди дүрбөтүп жатышат. Бир да ишкер 40 миллион доллар штрафты төлөбөйт. Ал штрафту төлөгөнү аз келгенсип, каралбай калган төрт пансионатты оңдош керек болот. Ошол пансионаттарга да акча салыш керек. Анан жылына бир миллион сом тапкан пансионаттарга анча миллиондогон долларларды коротуу эмне кереги бар? Ишкерлер башын оорутуп, бир сезондо эле иштей турган пансионатка анча каражат короткулары келбеси айдан ачык. Жайында эле иштете турган пансионатка ошончо каражат салып жанына эмне күч келмек эле, — деп айтты.
Толук видеону бул шилтемеден көрө аласыздар:
https://www.facebook.com/story.php?story_fbid=316765590797310&id=100028756181573&mibextid=qC1gEa



