Коом

ЖКККББ: Айдоочу абайла! Жалал-Абадда 3 саат ичинде 29 авто унаа айып короого киргизилди — ВИДЕО

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Жалал-Абад шаарында  коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында  “Авто Ураган” Аппараттык комплекси менен рейддик иш-чара өткөрүп, 3 саат ичинда 38 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.

Алардын ичинен:

-Айдоочунун наамынан убактылуу токтотулгандар 19 авто унаа;

-Айып пулун өз убагында төлөбөй сотко жөнөтүлгөн  3  айдоочу;

-Тийиштүү докумменттери жок 4 айдоочу;

Жасалма мамлекеттик номуру менен жүргөн 1 айдоочу;

— Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 2 айдоочу.

-Карама-каршы тилкеге чыгып айдаган 2 айдоочу.

-Башка жол эрежелерин бузуулар 7 айдоочу.

Жалпы 29 айдоочу убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга карата рейддик иш-чара Жалал-Абад жана Ош шаарларында да уланат, — деп билдирди ЖКККББнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button