Каныбек Иманалиев мугалимдердин август конференциясында төмөнкүдөй билдирүүлөрдү жасады:

▪️Жеке мектептер дүйнөлүк стандарт менен окуткандыктан лидер бойдон калууда. Билим берүү министрлиги окуу программалары менен китептерди түзүүдө артта калып жатат. 2024-жылдын 1-сентябрында жаңы окуу программасы иштелип чыгышы керек
▪️Мектептердеги билим берүүнүн сапаты биз каалагандай эмес. Мунун бирден бир себеби 90 жана 2000-жылдардагы болочок мугалимдер жакшы билим алган эмес. Алар азыр мектептерде иштеп жатышат. Окутуучулардын квалификациясын жогорулатыш керек
▪️Жакынкы келечекте дүйнөдө 60 кесип жоголуп, бирок 300 адистик пайда болот. Анын баары IT-технологиялар менен байланыштуу. IT билими бар кыргызстандыктар ишсиз калбайт
▪️Педагогдун кесиби ардактуу болуп бара жатат. Учурда республика боюнча 600 мугалим жетишпейт. 2020-жылы дефицит 3000 педагогду түзгөн.



