Коом

Россия Федерациясынын ИИМдин ардагерлери көл жергесинде болушту — ФОТО

29-августтан 1-сентябрга чейинки мезгилде Москва шаарынын жана Москва облусунун ички иштер органдарынын борбордук аппаратынын ардагерлеринин аймактык коомдук уюмунун өкүлдөрү болгон делегациясынын иш сапары, Ысык-Көл облусунун аймагында болуп өттү.

Аталган иш-чаранын негизги максаты Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрликтеринин ардагерлеринин ортосундагы достук байланыштарды жана кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө баалуу тажрыйба алмашуу болду.

Көл жергесинде меймандарды Ысык-Көл ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Орунбай Кочкоров, Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Жеңиш Келдибаев жана атактуу ички кызматынын отставкадагы генерал-майору Шейшенбек Байзаковдор тосуп алышты. Делегациянын курамында укук коргоо тармагында көп жылдык билими жана баалуу тажрыйбасы бар 13 ардагер болушту.

Иш-чаранын кеңири программасынын алкагында ардагерлерге Кыргызстандын бай тарыхы жана маданияты менен кеӊири танышууга мүмкүнчүлүк берди. Меймандар Ысык-Көл облусундагы «Дзержинец» эс алуу борборунда, Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүндө, Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы музейинде, «Рух-Ордо» этно-комплексинде болушуп, алардын иштери менен таанышып чыгышты. Ошондой эле, көлдүн үстүнөн теплоходдо жана Семенов капчыгайында саякатташты.

Жыйынтыгында ардагерлердин делегациясы Кыргыз Республикасынын ИИМдин өкүлдөрү тарабынан жылуу кабыл алынгандыгы жана меймандостугу үчүн терең ыраазычылык билдиришти. Россия Федерациясынын ИИМнин ардагерлери Кыргыз жеринин жаратылышынын кооздугун жана Кыргыз милиция кызматкерлеринин жогорку кесипкөйлүгүн жогору баалап, алардын компетенттүүлүгүн жана өз ишине берилгендигин баса белгилешти.

Бул тарыхый сапар эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ардагерлеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калды жана келечекте тажрыйба жана билим алмашууга өбөлгө боло турган достук байланыштарды бекемдеди, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button