Окуялар

УКМК: ИИМдин Ички аскерлеринин кызмат адамдары бюджетке 20 млн сомдон ашык чыгым келтиргени аныкталды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аскердик жабдууларды мамлекеттик сатып алууда КР ИИМдин Ички аскерлеринин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталды.

КРнын Аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилген материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-берененин 4-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренесинин 4-бөлүмү (Атайылап пайдасыз келишим түзүү) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала келтирилген чыгым 20 миллион сомдон ашык каражатты түздү, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button